Декабрдын башында Кыргызстанга үч күндүк сапар менен Орус православ чиркөөсүнүн башчысы - Москва жана жалпы Орус патриархы Кириллдин келиши күтүлүүдө. Бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев аны 65 жашка чыгышы менен куттуктап, Кыргызстанга келишин "үмүттөнүү менен күтүп жатканын" билдирди. Патриарх Кириллдин Кыргызстанга сапары 24-27-ноябрга пландаштырылган болчу. Бирок ден соолугуна байланыштуу сапары 2-4-декбарга жылганын "Азаттыкка" Бишкек жана Кыргызстан Епархиялык башкармалыгынын катчысы, протоиерей Игорь Дронов билдирди.
Патриарх Кирилл Бишкектеги жана Ысык-Көл облусундагы православ чиркөөлөрүн кыдырат. Соңку айларда анын ден соолугу начарлашына байланыштуу бир катар иш-чарага катыша албай калган. Кыргызстанда православдар сыйына турган 45 чиркөө, сыйынуу үйү жана бир аялдар монастыры бар.(RK)