Сотторду тандоо кеңешинин төрагалыгынан баш тарткан Шамарал Майчиевдин арызы кеңештин мүчөлөрүнүн арасында кызуу талаш-тартышты жаратты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Кеңештин жыйыны ушул тапта өтүп жатат. Айрымдары "эгер Майчиевдин арызын кабыл алсак, анда айтылган дооматтарга макул болгондой болуп калабыз" дешсе, кээ бирлери Майчиевдин укугун сыйлап, анын арызын кабыл алуу керектигин айтышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Майчиевдин арызы кабыл алынган жок. Бул маселе кеңештин кийинки отурумуна калтырылды.
Өлкөдө таза жана адилет сот корпусун түзүү үчүн былтыркы бийлик алмашуудан кийин Сотторду тандоо кеңешин түзүү чечими кабыл алынган. Быйыл июнда түзүлгөн бул кеңеш жыл аягына чейин баардык судьяларды электен өткөрүп чыкмак. Бирок өзүнүн курамындагыларга жана ал тандаган судьяларга карата коомчулук арасында көп сын айтылып, али күнчө иши ордунан жыла элек. Кеңештин биринчи төрагасы да парламенттеги кызуу талкуудан кийин кызматынан баш тартып кеткен. Августта шайланган Шамарал Майчиев төрагалыктан да, бул кеңешке мүчө болуудан да баш тартып арызын жазган. Анда ал ар ким өз кызыкчылыгын көздөп жатат деп, кеңештин ишин сынга алган. (RK)