Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Ошто электр жарыгына чектөөлөр болуп жатат


Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөр жайгашкан айрым райондордо электр жарыгына чектөөлөр коюлууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Төлөйкөн кичи районунун тургундары маалымдашты. Алардын айтымында, суук түшкөндөн бери жарык көп өчүп жатат.

«Ошэлектр» ишканасынын директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары Нурлан Садыков мунун себебин элдин кышка даярдыгы жоктугу менен түшүндүрүүдө. Анын айтымында, Төлөйкөн, Манас-Ата кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдө электр энергиясын өткөрүүчү каражаттар эскиргендиктен жарык берүү үзгүлтүккө учурап жатат. «Элге убагында эскирген зымдарды жаңылоону эскерткенбиз. Бирок мындан майнап чыккан жок. Жарыкты өчүрүү жолу менен жабдыктары жаңылаганга туура келип жатат. Антпесек, жашоочулар кайдыгер мамилесин уланта берет экен», - дейт Нурлан Садыков. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG