Медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан балдарына ВИЧ жуккан энелер бүгүн да Жогорку Кеңеш алдына митингге чыгышты. Алардын "Азаттыкка" билдиришинче, атайын балдарын алып Оштон Бишкекке келип, бир аптадан бери бийликтегилердин алдына коюп жаткан талаптары аткарылабы, жокпу, эч кандай так маалымат али күнчө жок.
"Биз менен чогуу келген энелердин бирөөнүн денеси ысып, ооруп жатат. Калган 11ибиз балдарыбыз менен бүгүн да ушинтип парламент алдына чыкканга мажбур болдук. Жума күнү Бишкектин Карыялар үйүнөн бизди кубалап чыгышты. Ар кимибиз ар жакта жүрөбүз. Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков убада кылган 1 миллион сом ВИЧке чалдыккан баардык балдарга эмес, бир жумадан бери суукка карабай, балдарыбызды алып, баардыгын тобокелге салып, ушул жерге келип олтурган бизге, 12 эненин балдарына гана берилишин талап кылабыз", -деп билдиришти митингчилер.
17-ноябрда Келдибеков 12 эне менен жолукканда өзүнүн төрагалык фондунан 1 миллион сом бөлүп берем деген. Бул акча митингге чыккан энелердин балдарынабы же баардык ВИЧке чалдыккан балдарга бөлүнөбү, эртең парламенттин тиешелүү комитетинде чечилет.
12 эне 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу шприц менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылып жатышат.
Учурда ВИЧке чалдыккан балдардын саны Кыргызстанда эки жүздүн тегерегинде. (RK)