Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Ошто аялдамалар алмаштырылууда


Ошто союз мезгилинде курулган аялдамалар жаңыланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси Асан Сайбидинов маалымдады. Анын айтымында, аялдамаларды жаңылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 7,5 миллион сом каралган.

Ош шаары боюнча 150 аялдама бар. Учурда анын 60ы жаңыланды. Айрымдарынын орду өзгөрдү ”,- дейт Асан Сайбидинов.

Аялдамалардын 10дон ашууну жеке-менчикке өтүп, дүкөнчөлөр курулган. Андай жерлер кайрадан Муниципалдык менчик башкармалыгына кайтарылып, жаңы аялдамаларга алмаштырылууда.

Августта башталган оңдоп-түзөө иштери келерки жылы аягына чыгат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG