Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Сирияда коопсуздук күчтөр үч адамды атып өлтүрүштү


Оппозициянын активисттери билдиришкендей, окуя бүгүн Сириянын борбордук Хомс провинциясында болгон. Президент Башар ал-Ассадды бийликтен кетүүгө дүйнөдөн чакырыктар, басым күчөгөнүнө карабай, Сирияда зомбулук дале уланууда.

Бириккен Улуттар уюму бул мамлекетте быйыл мартта өкмөткө каршы демонстрациялар башталгандан бери 3500дөн ашуун адам өлгөнүн кабарлаган.

Арап лигасы Сириядагы кризис боюнча келерки жыйынын ушул бейшембиде өткөргөнү жатат. Лига өзүндө Сириянын мүчөлүгүн убактылуу токтотуп, өкмөткө зордук-зобунду үч күндүн ичинде токтотууну буйруган. Бирок Сириянын коопсуздук күчтөрү буйрукту билмексен болуп коюшту.

XS
SM
MD
LG