Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Сотторду тандоо кеңеши төрагасынын арызын кабыл албай койду


Сотторду тандоо кеңеши бүгүн төрагасы Шамарал Майчиевдин бул кызматтан кетүү жана кеңештин мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу арызын карап, ага макул болбой койду. бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев "Азаттыкка" билдирди.

Өлкөдө таза жана адилет сот корпусун түзүү үчүн былтыркы бийлик алмашуудан кийин Сотторду тандоо кеңешин түзүү чечими кабыл алынган. Быйыл июнда түзүлгөн бул кеңеш жыл аягына чейин баардык судьяларды электен өткөрүп чыкмак. Бирок өзүнүн курамындагыларга жана ал тандаган судьяларга карата коомчулук арасында көп сын айтылып, али күнчө иши ордунан жыла элек. Кеңештин биринчи төрагасы да парламенттеги кызуу талкуудан кийин кызматынан баш тартып кеткен. Августта шайланган Шамарал Майчиев төрагалыктан да, бул кеңешке мүчө болуудан да баш тартып арызын жазган. Анда ал ар ким өз кызыкчылыгын көздөп жатат деп, кеңештин ишин сынга алган. (RK)

XS
SM
MD
LG