Шаар бийлигинин кабарына караганда, 27 жаштагы жергиликтүү тургун Хосе Пиментел бир топ жерлерде жардыруу жасаганга даярданган жана Ирактан, Ооганстандан кызматтан кайткан америкалык аскерлерге кол салууга камынып жүргөн деп шектелүүдө. Аны Нью-Йорктун мэри Майкл Блумберг “ал-Кайиданын колдоочусу” деп атады. Бирок, мэрдин айтымында, Пиментел эч кандай кылмыш топтору менен байланышта болгон эмес.
"Шектелип жаткан адам “жалгыз бөрү” сыяктуу өз алдынча эле америкалык аскерлер Ирак менен Ооганстанда кызмат өтөп жатышканына каршылык билдиргенге аракет кылган, - деди мэр Блумберг. - Ошону менен катар “Ал-Каиданын” пропагандасына алданган киши. Ал сырттагы кеңирирээк кылмыш топторунун мүчөсү болгон эмес".
Тергөөчүлөр аныкташкандай, Пиментел жардыргыч затты кантип жасаганды “ал-Кайиданын” журналынан окуп үйрөнгөн. Ал быйыл сентябрда Йеменде өлтүрүлгөн америкалык радикал-исламист Анвар Авлакиге да жан тартып жүргөн.