Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

АКШнын «супер комитети» мунасага жете алган жок


Америкалык мыйзамгерлер өлкөнүн 15 триллион доллардан ашкан карызын азайтуу боюнча макулдашууга жетише албаганын мойнуна алышты. Конгресстеги «супер комитеттин» мүчөлөрү биргелешкен жарыясында атаандаш республикачылар менен демократтар бюжеттин тартыштыгын азайтууга макулдаша албагандыгына өкүнүч билдиришти.

Комитетке карызды бир триллион 200 миллиард долларга 10 жыл ичинде кыскартуунун жолун табуу тапшырылган эле. Эми өкмөттүк программалар менен аскердик чыгымдар автоматтык түрдө кыскартылат. Бул жаатта келишим болбой турганы белгилүү болуп калгандан кийин дүйшөмбүдө америкалык баалуу кагаздар базарында акциялардын баасы төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG