Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде уурдалган 15-кылымда тартылган сүрөт алтымыш жылдан ашык убакыттан кийин Берлин музейиндеги ордуна кайтарылды. "Христостун сабалышы" деп аталган сүрөт Берлиндеги Ягдшлосс Грүнвалд музейинен 1945-жылдын жайында британ жана советтик аскерлер тарабынан уурдалган ондогон сүрөттөрдүн арасында болгон. Сыйынуучу жайдын бир жак капталына кою үчүн тартылган сүрөт кийин сатыкка түшүп, акыры АКШнын Индияна университетинин Блумингтон музейинин карамагына өткөн.
Берлинде кечээ өткөн салтанатта Индиана университетинин президенти Майкл МакРобби эсепсиз сандагы көркөм өнөр чыгармаларынын уурдалышы, күч менен тартылып алынышы, каракталышы же жок кылынышы Экинчи дүйнөлүк согушка байланышкан кайгылуу окуялардан экендигин белгиледи. Эмен тактага май бойок менен тартылган сүрөттү университет «мыйзамдуу ээлерине» өз каалоосу менен кайтарып берди. Университетке биринчи жолу Ягдшлосс Гүрнвалд музейин тейлеген кор алгач 2004-жылы кайрылган экен.