Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Бахрейнде демонстранттарга ыдык көрсөткөндөр сот жообуна тартылат


Бахрейнде бийликтер 20 коопсуздук кызматкерине ушул жылдын башындагы толкундоолордо демонстранттарга ыдык көрсөткөн деген айып коюлганын билдирди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, тергөө мезгилинде феврал-марттагы демонстранцияларда ашыкча күч колдонуулар жана камактагыларга зөөкүрлүк көрсөтүлгөн учурлар болгондугу аныкталган.

Бийликтердин эсеби боюнча, Бахрейндин суни падышачылыгына каршы бир айлык толкундоолордо 24 киши, анын ичинде төрт тартип коргоочу набыт болду. Оппозиция бул сан 30 экендигин айтып келет. Жүздөгөн адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG