Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Кыргызстан-Финляндия байланышы тууралуу көргөзмө ачылат

“Кыргызстан-Финляндия: Тарых жана соңку байланыш” аттуу көргөзмө бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде ачылат.

Музейдин маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей, көргөзмөгө финляндиялык археологдордун 1906-1908-жылдары Кыргызстандагы экспедициясында тартылган сүрөттөр коюлган. Мындан тышкары, учурдагы кызматташтыкты чагылдырган документтер, фото сүрөттөр бар.

Маалыматка ылайык, эки өлкө ортосундагы байланыштардын тарыхы 1898-жылдан башталат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Финляндия менен экономикалык, медициналык, маданий, гуманитардык багытта кызматташат. (КЕ)
XS
SM
MD
LG