Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Молдо-Кылыч айылында 192 орундуу жаңы мектеп 15-декабрда ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жусупбеков билдирди. Анын айтымында, мектептин курулушуна 40 миллион сом, ичиндеги жабдыктарына 7 миллион сом кеткен. Аталган мектеп 2010-жылдагы жер титирөөдө жараксыз абалга келген. Буга чейин окуучулар чатырларда, кышкысын үйлөрдө окуп келишкен. (КЕ)