Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Кытай Кыргызстандын тоо-кен тармагына техникалык жардам берет


Кытай Кыргызстандын тоо-кен лабораторияларынын жабдууларын жаңыртууга жардам берет. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов 21-ноябрда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, эски үлгүдөгү лабораториялык жабдуулар менен эл аралык стандарттар боюнча аттестация жүргүзүүгө мүмкүн болбой жатат.

Эсенаманов жакында Кытайда өткөн 25 мамлекеттин саммитине катышып, Жер жана жаратылыш ресурстары министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушууда Кытай тарап Кыргызстандын тоо-кен тармагына техникалык жардам берүүгө макулдугун берген. Буга байланыштуу келишимге 2012-жылы кол коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG