Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Атамбаев бир апталык эс алууга кетти


Кыргызстандын премьер-министри, жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаев кечээ күндөн тарта бир апталык эс алууга кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын маалымат кызматынан кабарлашты. Атамбаев өкмөт мүчөлөрү, саясий ишмерлер жана өзүнүн кеңешчилери менен жолугушуп, президенттиги башталганда эң алгач аткара турган иштерин талкуулайт.

Атамбаев 30-октябрдагы президенттик шайлоону жеңген. Анын инаугурациясы 1-декабрда болот. Кечээ Бишкекте Кыргызстандын саясий туруктуулугун сактоо боюнча талкууда айрым саясат таануучулар "эгерде Атамбаев жарым жыл ичинде элдин үмүтүн актай албаса, жазында элдик толкундоолор башталышы мүмкүн" деген оюн айтышкан.

Бир апта бою премьер-министрлик кызматты биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов аткарат. (RK)

XS
SM
MD
LG