Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Күнөөсүз адамды кыйнагандар боюнча кылмыш иши козголду


Бишкек шаардык прокуратурасы Свердлов райондук милициясынын айрым кызматкерлерине карата кыйноо, күнөөсүз адамды жоопко тартуу, шалаакылык жана далилдердин бурмаланышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.

2008-жылы Бишкектин кафелеринин биринде адамдын өлтүрүлүшү боюнча камакка алынган У.Ахмаджонов кийин сот тарабынан толук акталган. Сот бул кылмышка тиешеси бар деген башка адамды, И.Касымовду 18 жылга эркинен ажыраткан.

Шаардык прокуратура У.Ахмаджоновдон кыйноо жолу менен көрсөтмө алып, аны 266 күн камакта мыйзамсыз кармаганы үчүн эми бул ишке тиешеси бар деп шектелген Свердлов райондук милициясынын айрым кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан бул боюнча комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда, маалымат кийинчерээк болоорун айтышты. (RK)

XS
SM
MD
LG