Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Бишкекте мектеп көйгөйү талкууланып жатат


Бүгүн Бишкекте мектеп көйгөйүнө арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Аны АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги жана Жогорку Кеңештин билим, илим, маданият, маалыматтык жана диний саясат боюнча комитети уюштурду.

Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандагы мектептердин бүгүнкү күндөгү абалы, сабак берүү ыкмалары, сапаты, деңгээли сыяктуу маселелерди талкуулап жатышат.

Катышуучулар - депутаттар, мекемелердин, бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү билим берүү башкармалыктарынын жана мектептердин өкүлдөрү.

Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында ушу тапта Кыргызстанда 30 миңдей бала мектепте окуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG