Мындай маалыматты облустук акимчиликтен “Азаттыкка” билдиришти. Адистер жылына Баткен облус калкы үчүн 51 миң тонна жашылча, 28 миң тоннадан ашыгыраак эт, 128 миң тонна сүт азыктары, 8,5 млн даана жумуртка талап кылынаарын эсептешкен. Бул азыктардын дээрлик баарын облус өзү камсыздай албайт. Бир жылда облуста 35,5 миң тонна жашылча, 21 миң тоннадан ашыгыраак эт, 93 миң тонна сүт азыктары, 2,5 млн даана жумуртка өндүрүлөт. Калганы көпчүлүк учурда Тажикстандан жана башка облустардан импорттолот.
Саламаттык сактоо адистери тургундар толук кандуу, витаминдүү азыктанбагандыктан облус аймагында саламаттыгы начар, аз кандуулук менен жабыркагандар көп болуп жатканын айтышат. (JsA/RK)
Саламаттык сактоо адистери тургундар толук кандуу, витаминдүү азыктанбагандыктан облус аймагында саламаттыгы начар, аз кандуулук менен жабыркагандар көп болуп жатканын айтышат. (JsA/RK)