Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Аба ырайы: 23-ноябрда жаан-чачын күтүлөт


Шашылыш билидүү
22-ноябрдан баштап 24-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана жолдордун тайгак болуусу күтүлүүдө. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо жана кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жол жүрүүнү токтотуу сунуш кылынат.

Аба ырайы
23-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт, кээ бир райондордо катуу жаайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын болот. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8,
Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8,
Баткенде түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 2...7,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5.
Тоолордо түнкүсүн -10...-15 градус, ал эми күндүз -3...-8.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан-чачын күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градуска чейин жылуу, күндүз 5...7 градус нөлдөн жогору болот.

XS
SM
MD
LG