Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Ош облусуна миңден ашуун мал доктур жетишпейт


Ош облусунда ветеринарлар жетишсиз болгондуктан үй жаныбарларынын
илдеттери улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук
ветеринариялык башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, облуска 1728 адис талап кылынса, учурда 601 ветеринар
гана эмгектенет.

«Жыл сайын Оштогу эки окуу жайынан – ОшМУ жана Айыл чарба институтунан 20дан ашуун ветеринар даярдалат. Бирок алардын көбү башка облустардан келип окугандыктан кайра өз аймактарына кетип калышат. Көпчүлүгү кесиби боюнча иштешпейт»,- дейт Сүйүн Абдуллаев.

Бүгүнкү күнгө карата Ош облусу боюнча шарттуу эсептелген 536 миң 846
үй жаныбары бар. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG