Бишкектин четинде жайгашкан №16 абакта кармалуучуларга карата кыйноолор күч алып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзүн абакта жаткан Улан Абдышев деп тааныштырган жаран билдирди. Анын айтымында, түрмөнүн кызматкерлери абактагыларды эч себепсиз эле ур-токмокко алууда.
Жаза аткаруу кызматынын пресс-борбору бул маалыматты тастыктаган жок. "Камактагылардын арасында Улан Абдышев деген киши жок. №16 абакта абал тынч", - дешти пресс-борбордун кызматкерлери.
Балким мындай даттануу соңку мезгилде прессада Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жана азыркы жетекчилигинин ортосундагы тирешүүгө байланыштуу атайылап жасалган акция болушу мүмкүн экендиги да айтылды. (MiT/RK)