Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

Египет: Аскерий жетекчиликке каршы демонстрация уланууда


Каирдин ортосундагы Тахрир аянтында аскерий жетекчиликтен бийликти жарандык өкмөткө токтоосуз өткөрүп берүүнү талап кылган демонстрация уланууда.

21-ноябрда жарандык өкмөт отставкага койо берүүнү сурады. Бирок арызды аскердик кеңеш кабыл алган жок. Аскерий режимдин бийликтен кетүүсүн талап кылган козголуш Египет шаарларында үч күн мурда башталган.

Расмий маалымат боюнча, акыркы күндөрдөгү кагылышууларда 24 адамдын каны төгүлүп, 1200дөн көп адам жараат алган.

Эл аралык Мунапыс уюму бүгүнкү билдирүүсүндө Египеттин аскерий жетекчилиги адам укуктарын такыр эле коргой албаганы белгиленет. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Египеттеги калабаларга тынчсызданганын билдирди.

XS
SM
MD
LG