Расмий Тегеран Батыш мамлекеттеринин жаңы санкциясы өлкөгө таасир этпесин билдирди. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Мехманпарасат кабарчылар менен бүгүн болгон кездешүүдө санкцияны “пропаганда жана психологиялык согуш” деп атады.
АКШ, Британия жана Канада 21-ноябрда Ирандын энергетика сектору менен банктарына каршы санкция киргизилгенин жарыя кылышкан. АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун сөзүнчө, жаңы санкция Иранга кысым жасоодогу маанилүү кадам:
"Иран жетекчилиги багытын өзгөртүп, эл аралык милдеттенмелерин аткармайын эл аралык кысым өсө берет. Мен ачык түшүндүрөйүн: Биздин Иранга санкция колдонуу мүмкүнчүлүгүбүз бүгүнкү акция менен бүтпөйт. Биз чечкиндүү чара колдонуу жолдорун карап көргөндү токтотпойбуз."
Катаал чарага барууга Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин Иран өзөктүк куралдардын технологиясын өнүктүргөнүн ырастаган далилдер бар деген доклады негиз болду. Иран бирок ядролук программасы тынчтык максатын көздөгөнүн айтууда. Санкцияга Орусия каршы чыгып, ал Иран менен диалогго тоскоол болушу мүмкүн деп билдирди.