Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Оштогу мамлекеттик китепканада жылуулук жок


Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук мамлекеттик китепканасынын
кызматкерлери суукка карабай муздак бөлмөлөрдө иштеп жатышат. Алар «Азаттыкка» берген маалыматка ылайык, шаардагы социалдык маанидеги мекемелерге ноябрдын баш ченинде эле жылуулук берилген. Китепкананы жылытуу кечеңдеп жатат. Шаардык жылытуу башкармалыгынын жетекчиси Анарбек Аттокуров бул абалды китепкананын карызы көп экендиги менен түшүндүрдү.

«Алар былтыркы 80 миң сомдук карызын төлөй элек. Ушул маселени чечишсе эле жылуулук берилет»,- деди Анарбек Аттокуров.

Аталган китепканада 80ден ашуун кызматкер эмгектенет. Алардын 69у
китепкананын кызматкери болсо, калгандары ижарага бөлмө алган уюмдардын кызматкерлери. Андан сырткары күн сайын 100дөн ашуун
окурман китепканага келип турушат, басымдуу бөлүгү студенттер. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG