Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:59

Улуттар аралык ынтымак маселеси талкууланат


28-ноябрда Бишкекте ири конференция өткөрүлүп, анда тил саясатына, коомдогу улуттар аралык ынтымак маселесине байланышкан суроолор талкууланат. Бул тууралуу "Биринчи радиого" интервьюсунда президент Роза Отунбаева айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, "ошондой эле биздин проблемаларыбызга окшош болгон маселелерди чечүүдө мыкты жетишкендиктери бар мамлекеттердин тажрыйбасы талкууланат».

Конференция “Кыргызстандагы Улуттук диалог” программасынын алкагында өтөт. Президент бул программа этностор ортосунда диалог курууга, өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө арналгандыгын белгиледи. Былтыр июнда Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжалда 400дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG