ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Эл аралык трибунал Каддафинин уулун Гаагада соттоону каалоодо

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун төрагасы Луис Морено-Окампо бүгүн Триполиге учуп келет. Ал Ливиянын бийликтери менен Муаммар Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам жана Ливиянын коопсуздук кызматынын мурдакы башчысы Сеусини Гаагада соттоо маселесин сүйлөшөт.

Ливия жетекчилиги өткөн аптада колго түшкөн бул экөөнү өлкөдө соттоого кызыкдар. Эл аралык кылмыш соту 27-июнда Муаммар Каддафини, Сейф ал-Исламды жана Сенуссини Ливиядагы элдик козголушту басуу кезинде адамзаттка каршы кылмыш жасады деп, аларды камакка алынсын деп чечкен.
​
XS
SM
MD
LG