Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Тажикстанда соттолгон орус учкучтары бошотулду


Тажикстандын соту аткезчилик кылды жана чек арадан мыйзамсыз өттү деп 8,5 жылга кесилген Орусиянын "Rolkan" авиакомпаниясынын учкучтарын абактан бошотту. Маалымат булактарынын кабарлашынча, Орус жараны Владимир Садовничий менен Эстон жараны Алексей Руденко прокурор талап кылган шартта эркиндик алышты. Алар 2,5 жылга эркинен ажыратылды, бирок жарым жыл абакта өткөргөндүктөн, Тажик өкмөтү жарыялаган мунапыска ылайык боштондукка чыгышты. "Rolkan" авиакомпаниясынын башчысы Сергей Полуяновго каршы ачылган кылмыш иши да токтотулганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG