Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Отунбаева Нью-Йорктогу иш сапарынын максаты тууралуу айтып берди


Президент Роза Отунбаева "Биринчи радиого" интервьюсунда Нью-Йоркко иш сапары тууралуу айтып, бул – Кыргызстандын чет жактардагы кызыкчылыктарын илгерилетүүгө багытталган кадимки эле жумушчу сапар экендигин айтты.

“Өлкөбүздө Тынчтык куруу Фондусу менен бирдикте бир катар маанилүү долбоорлор жана программалар ишке ашырылууда. Айталы, Ош, Жалал-Абад облустарында тынчтык куруу түйүндөрү түзүлүп, айылдардын көйгөйлөрүн активдүү көтөрүүдө. Нью-Йорктогу программамда Колумбия университетинде болуп, БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жана журналисттер ассоциациясы менен жолугушуу да каралган. Биздин өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болууда жана чет өлкөдөгүлөр биздеги болуп жаткан процесстердин маани-маңызын билүүгө кызыгышат”, - деди Роза Отунбаева.

Мамлекет башчысы Нью-Йоркко 21-ноябрда жөнөп кеткен, 23-ноябрда кайтат. (RK)

XS
SM
MD
LG