Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Бишкек-Ош жолу бир суткага жабылды

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги унаа жолу бүгүн кечки саат жетиден тарта жабылганын “Азаттыкка” чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Жолдун жабылышына Төө-Ашууга бир метрдей кар жаап, кар көчкү коркунучу күчөшү себеп болгон. Жолдун бир тарабы Чүйдүн Сосновка айылынан, экинчи тарабы Жалал-Абаддын Токтогул районунан жабылып, бул ортолукта унаа кыймылы токтотулду. (SM)
XS
SM
MD
LG