Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:20

Түркияда КЖП менен байланыштагы 70тей адам камакка алынды

Түркияда күрт козголоңчулары менен байланышта деп шектелген 70ке жакын адам камакка алынды. Жергиликтүү медиянын кабарлашынча, тыйуу салынган Күрт жумушчу партиясы-КЖП менен байланышта деп күнөөлөгнөн бул адамдар Ыстамбул, Бурса, Измир жана Диярбекир шаарларында өткөрүлгөн рейд кезинде кармалган. КЖП 1974-жылы Түрк өкмөтүнө каршы күрөш баштагандан бери алардын чабуулдарынан 40 миңден ашуун адам курман болду.
XS
SM
MD
LG