Румын парламенти жолбун иттерди ийне сайып өлтүрүү тууралуу мыйзамды жактырды. Румыниянын парламентинде 168 депутат колдоп, 111и каршы чыккан мыйзам президент Траян Басеску кол койгондон кийин күчүнө кирет.
Ага ылайык, жергиликтүү бийликтер маселени сурамжылоо, референдум, шаар кенешиндеги жыйындарда талкуулоого милдеттендирет. Мындан 10 жыл мурда Басеску Бухаресттин мэри болуп турганда жолбун иттерди стерилизациялоо өнөктүгүнө 18 миллион доллар сарпталып, бирок андан анчейин жыйынтык болгон эмес. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, Бухарестте эле 50 миңдей жолбун ит бар.