Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Боснияда эки киши согуш кылмыштары үчүн соттолду


Боснияда сот Босния армиясынын мурдагы эки офицерин согуш мезгилиндеги лагерде хорваттарга зомбулук көрсөткөн деп тапты. Босниянын Бугожно шаарында лагерге айландырылган стадионду башкарган Нисвет Газал алты жылга, ал эми Бугожнонун мурдагы башкы тартип коргоочусу Сенад Даутович 13 жылага эркинен ажырады. Соттун өкүмүндө айтылгандай, 1993-94-жылдары аталган лагерде 300дөн ашык хорват кармалып, аларга адам чыдагыс мамиле жасалган жана туткундар майдан тилкесинде кара жумушка салынган. Кечээ Босниянын прокурорлору ошондой эле сербдер менен хорваттарга каршы кылмыштары үчүн шектелген сегиз босниялык мусулман кармалгандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG