Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Орус учкучу тажиктердин депортациясына өкүнүч билдирди


Тажикстандын соту аткезчилик кылды жана чек арадан мыйзамсыз өттү деп 8,5 жылга кесилген учкучтарды кечээ абактан бошоткон эле. Орус жараны Владимир Садовничий менен эстон жараны Алексей Руденко соттолгондон кийин Орусиядан жүзгөдөн тажик мигранттары мекенине депортацияланган.

Владимир Садовничий тажик мигранттарынын депортациясына өкүнүчүн билдирди:

Күнөөсүз адамдарды мындай нерсеге аралаштырбаш керек болчу. Тажикстандан мигранттар Орусияга кыйналган турмуштан, бала-чакасын багыш үчүн барышат. Аларды мекенине кайтаруу жакшы эмес, менимче бул туура эмес.

Ал эми Орусиянын Дүйшөмбү калаасындагы элчилигинин өкүлү Дмитрий Кабаев соттун чечимине кубанычын жашырган жок:

Күнөөлүү деген өкүм дагы деле күчүндө. Бул өкүмгө толук баа берүү кыйын, бирок учкучтардын бошотулганы жакшы болду, эң башкысы ушул да.

XS
SM
MD
LG