Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Апрель ишин жаңы соттук курам карашы ыктымал


Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” белгилешинче, соттук териштирүүгө төрагалык кылып жаткан судья Дамир Оңолбековдун ыйгарым укуктары 29-декабрда соңуна чыгат. Ошол убакытка чейин апрель соту аяктабаса, иш жаңы курамга өтүшү ыктымал. “Жаңы мыйзам боюнча мөөнөтү аяктаган сот өз карап жаткан ишти аягына чейин чыгара албайт. Ал башка курамга өтүп, бул бери дегенде эки айга териштирүү иштерин кечеңдетет” – дейт Жамансариев.

Ал эми Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев судья Оңолбековдун ыйгарым укуктары бүтөөрүн “Азаттыкка” тастыктап, бирок апрель соту жаңы курамга өтөр, өтпөсүн айтуу азырынча эрте экенин билдирди.

Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү ушул жылдын 18-мартынан бери Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун жетекчилиги менен кайрадан териштириле башталган. Соттук териштирүүдө 2010-жылдын апрелиндеги ок атууларга байланыштуу жыйырмадан ашуун адам айыпталып жатат. Башкы айыпталуучулар катары каралып аткан Курманбек Бакиев баштаган мурдагы ири чиновниктер чет мамлекеттерде жүрүшкөндүктөн, алар сыртынан соттолууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG