Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

“Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланат


Өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоор боюнча бүгүн парламенттик угуу өтөт. Ага Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынан, Европа кеңеши жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан өкүлдөр, депутаттар, эксперттер, укук коргоочулар катышат. Анда өлкөдөгү бир жыл ичинде болгон тынч жыйындар жана мыйзам долбоордун оң-терс жактары тууралуу докладдар окулат. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, парламенттик угуу Адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук уюмдар боюнча комитетинин демилгеси менен өтүүдө.

“Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, ар кандай нааразылык акцияларын, митинг өткөрө турган тарап алдын ала 10 күндөн кем эмес убакыттын ичинде тиешелүү тараптарга маалымат бериши керек. Ошондой эле уюштуруучулардын жоопкерчилиги боюнча да өзгөртүүлөр киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG