Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

Бишкек-Ош унаа жолу кайра ачылды


Бир саат мурда Бишкек-Ош жолу кайра ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кечээ Төө-Ашууда бир метрге жетке кар жааган. Суусамыр өрөөнүндөгү тоолуу жолдорго кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу кечээ кечинде Жалал-Абаддын Токтогул районунан тарта Чүйдүн Сосновка айылына чейинки аралык бир суткага жабылган болчу.

Токтогул районунун Арал айылынын постунда 58 жүк ташуучу унаа, 225 жеңил унаа, 25 микроавтобус, Каракол бекетинде 60 жүк ташуучу унаа, 250 жеңил унаа, 30 микроавтобус, Сосновкада 37 жүк ташуучу унаа, 25 жеңил унаа жана Талды-Булак постунда 4 жеңил унаа топтолуп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG