Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Ысык-Көлдө мал бруцеллезго каршы эмделди


Ысык-Көл облусунда малды бруцеллез оорусуна каршы эмдөө аяктады. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук бийликтин ветеринария бөлүмүнүн башчысы Бакыт Шарапов билдирди. 451 миң 331 баш мал эмдөөдөн өттү. Буга 2 жарым миллион сомдой каражат жумшалды. Ар бир эмделген малдын кулагына атайы белги салынды.

Эмделген малдын иммунитети 4,5 жылга дейре бруцеллез оорусуна туруштук берет. Бул жугуштуу оору малдын организминин көпчүлүк бөлүгүнүн жабыркашына алып келет.

Быйыл бруцеллезго каршы күзгү эмдөө Кыргызстан боюнча 830 миңден ашык малды камтыды. Каражатты Дүйнөлүк банк бөлүп берди. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG