Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Бала зордуктагандардын жазасын күчөтүү сунушталууда


Жогорку Кенештин Саламаттык сактоо, социалдык саясат, эмгек жана миграция боюнча комитети айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. 22-ноябрда өткөн талкууда анын автору, депутат Турсунбай Бакир уулу жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерди жазага тартууда катуу чаралар көрүлүшү керектигин айтты.

«Соңку мезгилдерде жашы жете элек балдарды зордуктоо учурлары көбөйүп, жабыркаган балдар суицидге чейин барып жаткан фактылар да жок эмес. Кылмышкерлердин жазасын күчөтүүнү сунуштап, зөөкүрдү 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою абакка отургузууну караган мыйзам долбоору даярдалды»,- дейт депутат.

Талкуу жыйынтыгы менен аталган мыйзам долбоорун комитет жактырып, жалпы жыйынга алып чыга турган болду. (RK)

XS
SM
MD
LG