Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Пан Ги Мун кыргыз президентине жогору баа берди


Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын өлкөдөгү былтыркы улут аралык коогалаңдан кийинки абалды турукташтыруудагы ролуна жогору баа берет. Бул тууралуу ал 22-ноябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Тынчтык куруу фондунун жолугушуусуна айтты.

Жыйында англисче сүйлөгөн Роза Отунбаева былтыр апрелде эл Бакиевдин урук-тууганчыл бийлигине каршы чыкканын, анын тарапкерлери өлкөдө түзүлгөн оор абалдан пайдаланып улут аралык жаңжалга чагымчы болушканын айтты.

Абалды турукташтыруу менен катар апрелде башталган реформаларды үзгүлтүккө учуратпай, аймактагы алгачкы парламенттик демократияны куруу ошол учурдун негизги талабы болгону да айтылды.

2010-жылдын июнь айынын биринчи жарымында Ош жана Жалал-Абадда улут аралык жаңжалда төрт жүздөн ашуун адам набыт болгон. Ошол эле айдын соңунда жалпы элдик референдум өтүп, Кыргызстан парламенттик башкаруу жолуна өткөн, Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп шайланган. Быйыл 30-октябрда президенттик шайлоонун жеңүүчүсүнө Отунбаева өз кызматын 1-декабрда тынч өткөрүп бергени турат.

Буга чейинки эки президент тең шайлоолорго өзүлөрү катышып, улам бийлигин узартып турушкан. Бирок экөө тең элдик көтөрүлүштүн айынан өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG