Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы бүгүн парламенттин иш башкармалыгына жана аппаратына бөлүнгөн акча боюнча кызуу талкуу жүргүздү. Кабарчыбыздын маалымдашынча, айрым депутаттар бул боюнча катуу сын айтышты. Маселен, Жогорку Кеңештин аппаратында 53 референт бар, бирок алардын эмне кызмат аткараары боюнча так маалымат берилген жок. Парламент төрагасынын коомдук кеңешчиси катары катталган адамдарга KG номурлуу 33 автоунаа берилгени айтылды. Алардын арасында чет элдик жарандар да бар экен. Кызматкерлери 1-4 миң доллар айлык алып иштеп жаткан Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу зарылчылыгы жок болгону да сын катары айтылды.
Парламенттин иш башкармалыгы жогоруда айтылган сынды моюнуна алды. Бирок Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөндөн бери анын статусу да жогорулаганын эске алуу керектиги айтылды.
2010-жылдын июн айында элдик референдумда өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөрүүлөр кирип, Кыргызстан парламенттик демократияга өткөн болчу. (ZB/RK)