Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Ош: Коогада жабыркагандардын ташкөмүрү жок


Ош шаарында былтыркы коогада жабыркаган жарандар кышка карата камы жок олтурушат. Үй-жайын куруу иштери менен алектенген тургундар болгон акчасын курулушка жумшап, отун, көмүр даярдаганга жетишпей калышканын кабарчыбызга бүгүн айтып беришти. Жардамга өтө эле муктаж үй-бүлөлөр өз алдынча тизме түзүп, эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылганы жатышат.

Улут аралык коогалаңда жабыркагандарга былтыр кышка карата отун-суусун Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция камдап берген. Быйыл эл арасында өз алдынчалык пайда болушу жана донорлордун жардамына ишенип эл жаман үйрөнүп албашы үчүн деген жүйөө менен мындай жардам токтотулганы айтылды.

2010-жылдын июнундагы улут аралык кагылышууда 400дөн ашык адам набыт болуп, миңдеген адамдар үй-жайынан айрылган. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG