Борбор Азиядагы эң бийик эстелик Ошто тургузулат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Курулуш иштери аяктоо алдында турган Манастын эстелигинин бийиктиги 24 метр болот. Ош аэропортуна жакын жерге орнотулуп жаткан эстеликти жасоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 31 миллион сом каралган. Аны архитектор жана дизайнер Равшан Маматкулов 3 ай мурун баштаган. Эстеликти орнотуу иштери декабрдын соңунда аяктайт. (SE/RK)