Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

«Сейтек» борбору «Даңк» медалы менен сыйланды


Бишкектеги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору «Даңк» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Жарлыкка президент Роза Отунбаева кол койду. Борбор бул сыйлыкка балдарды жана өсүп келе жаткан жаш муунду маданий-эстетикалык, руханий жактан тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн жана түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгынын урматына татыды. "Сейтекте" мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар үчүн ондогон ийримдер, атайын класстар иштеп келет. Анын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээлешет. (RK)

XS
SM
MD
LG