Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Ошто айдоочулар иш ташташты


Ош шаарында айдоочулар иш ташташты. Бул тууралуу кабарчыбыз Санжар Эралиев кабарлайт. Айдоочулар Транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаковдун жүргүзгөн кадр саясатына нааразы. Алар министрдин орун басары Денизбек Сулаймановдун, Транспорт инспекциясынын директору Ырысбек Бариевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Натыйжада, Ош - Өзгөн, Ош - Жалал-Абад, Ош - Кара-Суу, Ош - Отуз-Адыр, Ош - Алай багыттарына бүгүн түшкө чейин жүргүнчү ташуучу унаалар каттаган жок.

Эски автобекеттеги нааразылык акциясын «Транс Ордо» ассоциациясынын жана «Айдоочу» коомдук бирикмесинин кызматкерлери уюштурушкан.
“Транс Ордо” ассоциациясынын төрагасы Мырзамат Чынгараев “Азаттыка” билдиргендей, аталган жетекчилер "өздөрүнө жакын адамдарды гана кызматка дайындап, жакпагандарды негизсиз иштен алып жатышат".

“Наарызылык акциясына майнаптуу жооп берилбегенден соң кайрадан айдоочулар жумуштарын уланта башташты” ,- дейт Чынгараев. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG