Кыргызстанда улгайган адамдардын милициянын ишине жардам берүүсү боюнча долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" HelpAge International уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Долбоордун алкагында Чүйдө жана Таласта улгайган адамдар мектептерде, жергиликтүү жамааттар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жардам беришти. Эртең Бишкекте бул боюнча кеңири талкуу жүргүзүлөт. Ага Жогорку Кенештин, Ички иштер министрлигинин, Чүй жана Талас милицияларынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрү катышат. Долбоор Ички иштер министрлиги тарабынан ЕККУнун колдоосу астында HelpAge International аркылуу ишке ашырылып жатат. (RK)