Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Бычак жеген азери журналист көз жумду


Ишембиде бычак жеген азербайжандык жазуучу жана журналист Рафик Таги Бакудагы ооруканада көз жумду. Ал азери өкмөтүн, саясий исламды жана Иранды сындаган курч макалалары менен белгилүү болчу. Журналист ишемби күнү кечинде үйүнө баратканда белгисиз адам ага кол салып, бычактап кеткен. 2007-жылы Баку шаарынын соту Тагини Мухаммед пайгамбарды жана исламды сындаган делген макала үчүн 3 жылга кескен. Ал макаладан кийин ирандык диниятчы Аятолла Фазел Ланкарани журналистке каршы фатва чыгарган. Бүгүн Ирандын Бакудагы элчилиги кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун айтып, билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG