Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:11

Каирде кайрадан кагылышуулар болду


Каирдин Тахрир аянтына чогулган эл менен полиция бүгүн кайрадан кагылыша кетти. Аскерий кеңештин жетекчиси маршал Хусейн Тантавинин президенттик шайлоону эмки жылдын башында өткөрүү убадасы демонстранттарды ынандырган жок өңдөнөт. Алар бийликтин аскерий эмес утурумдук кеңешке дароо өткөрүлүшүн талап кылышууда. Баштапкы пландар боюнча армия башкарууда 2013-жылга чейин калмак.

Аскерлер кеңеши февралда президент Хосни Мубарак кулатылгандан кийин башкаруу тизгинин өз колуна алган. Бир нече күндөн бери алардын кетишин талап кылган демонстрациялар өтүп, кагылышууларда 30дай киши каза тапкан. БУУ адамдардын өлүмүн териштирүүгө үндөдү. Нааразылык Мубарактан кийинки алгачкы эркин парламенттик шайлоо өтөөрүнө саналуу күн калганда күчөдү. Добуш берүү 28-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG