Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Пакистан АКШга жаңы элчи дайындады


Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Гилани АКШга жаңы элчини дайындады. Шерри Рехман айым буга чейин депутат, кийин маалымат министри болуп иштеп келген. Мурдагы элчи Хусайин Хаккани өз өлкөсүндөгү аскерлердин үстөмдүгүн чектөө өтүнүчү менен Вашингтонго кайрылган деген айың кептер тарагандан кийин шейшембиде кызматынан чегинген. Ал андай өтүнүчтү жолдогонун чекте кагууда, Пакистандын тышкы иштер министрлиги болсо бул маалыматтар чындыкка төп келбесин билдирди. Рехман башкаруудагы саясий партиянын маанилүү фигураларынын бири.

XS
SM
MD
LG