Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Йемен президенти бийликти өткөрүү келишимине кол коёору күтүлүүдө


Йемендин мамлекеттик телевидениеси маалымдаганына караганда, президент Али Абдулла Салех бийликти өткөрүү келишимине кол коюу үчүн Сауди Арабияга барды. Араб мамлекеттеринин арачылыгы менен жетишилген документке ылайык, өлкөнү 33 жыл башкарган Салех бийлигин вице-президентке өткөрүп берүүгө тийиш. Ал үчүн ага сот жообуна тартылбайт деген кепилдик берилген. Салех бир нече жолу келишимге кол коюу убадасын берип келгени менен, улам кийинкиге калтырууда. Бир нече айдан бери президенттин кетишин талап кылган чыгуулар уланууда. Айрым маалыматтарда коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышууларынан жүздөгөн кишинин өлгөнү айтылууда.

XS
SM
MD
LG