Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Түркиянын өкмөт башчысы күрттөрдөн кечирим сурады


Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышындагы 1930-жылдардагы миңдеген күрттөр өлтүрүлгөн согуштук операция үчүн кечирим сурады. Сыналгыдан көрсөтүлгөн сөзүндө Эрдоган мамлекеттин атынан кечирим сурады. Дерсим шаарындагы «Тунжели» деп аталган 1936—39-жылдардагы операцияда 14 миңге чукул күрд жарандары өлтүрүлгөн. Эрдоган ал окуялар боюнча иликтөө жүргүзүүнү каалагандар үчүн премьер-министрдин архивдери ар дайым ачык экендигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG